super.kg logo
  Саясат  

Спорттук комплекстердин ээлери майыптар үчүн машыгууга шарт түзүүгө милдеттендирилди

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 26-июнда кабыл алынган. Анын максаты ден соолугунан майыптыгы бар адамдардын дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, эгерде медициналык чектөө жок болсо, майыптарга дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга тыюу салынат. Ошондой эле дене тарбия-спорт уюмдары менчигинин түрүнө карабастан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү бештен кем эмес адамга машыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттендирилет.
Мындан сырткары спорт зал, комплекс, бассейн жана башка спорттук инфратүзүм курууда же реконструкциялоодо алардын ээлери имаратка майыптардын кирүүсүнө шарттарды түзүүгө милдеттүү болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: