Азия чемпиондугунда волейбол боюнча курама команда финалга чыкты
Мальдив өлкөсүнүн Мале шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда өлкөнүн волейбол боюнча кыз-келиндер арасында жаштар курама командасы финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.Ага ылайык, курама команда биринчи айлампада Мальдивдин улуттук курамын 3:0 эсебинде утса, экинчи айлампада да Непал өлкөсүн 3:0 эсебинде жеңген. Ал эми үчүнчү айлампада Шри-Ланканын курама командасына 3:2 эсебинде жеңилгени айтылат.
"Жарым финалдык беттеште Непалдын курама командасын 3:0 эсебинде жеңди. Биринчи орун үчүн беттеште Шри-Ланканын командасы менен кез келет. Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 21:40та башталат", - деп жазылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















