super.kg logo
  Саясат  

Президент ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 22-июлда президенттин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мыйзам расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда кабыл алынган. Анын максаты өлкөдөгү ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган.

Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Тагыраагы, Кылмыш-жаза кодекси "кызмат абалынан пайдаланып, мыйзамдуу ишине тоскоолдук жараткан кызмат адамдарынын жоопкерчилигин караган" жаңы 3381-берене менен толукталды.

Мындан сырткары ишканаларды мыйзамсыз текшерүү боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 436-беренесинде көрсөтүлгөн жоопкерчилик күчөтүлдү.

Ошондой эле сотторду ишкерлер жана инвесторлорго карата бөгөт коюу чарасында биринчи кезекте электрондук билериктерди, күрөө менен же үй камагын колдонууну кароого милдеттендирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: