super.kg logo

"Крокустагы" теракт боюнча кармалган жаран далилдерди жок кылууга аракет кылганы аныкталды

 

"Крокус Сити Холл" борборундагы теракттан кийин кармалгандардын бири Якубжони Юсуфзода камакка алынганга чейин далилдерди жок кылууга аракет кылган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги соттун материалдарына таянуу менен жазды.

Соттун документтеринде Якубжони Юсуфзода кылмыш жасагандан кийин бардык далилдерди жок кылууга аракет кылганы айтылат. Башка маалымат берилген жок.

Айыптоочу тараптын айтымында, Якубжони Юсуфзода 22-мартта болгон теракттан бир нече күн мурун терактты уюштургандардын бирине жашоо үчүн акча которгон.

25-мартта Юсуфзода полицияга баш ийбегени үчүн Москвада кармалып, 12 суткага камакка алынган, тергөө иштеринде анын "Крокустагы" терактка тиешеси бар экени аныкталган. Ал күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алды.

"Крокус Сити Холлдогу" теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, дагы 551 адам жаракат алган. Бул иш боюнча 12 адам, анын ичинде төрт кылмышкер жана алардын болжолдуу шериктери кармалган. Бул террордук акт боюнча эң жогорку жаза өмүр бою эркинен ажыратуу болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: