super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Катар кайрымдуулук уюмун таза суу менен камсыз кылуу тармагында көмөктөшүүгө чакырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катар кайрымдуулук уюмунун (Qatar Cherity – Катар Чэрити) Бишкектеги филиалынын башкы директору Абделкадир Алимам Албашеир Мухамедди кабыл алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө гуманитардык, социалдык, медицина, курулуш жана таза суу долбоорлору боюнча кызматташууну улантуу жана активдештирүү маселелери талкууланды.

Жапаров кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан гуманитардык чөйрөдөгү долбоорлорду жогору баалады.

Өкмөт башчы өзгөчө ооруканаларды жана социалдык турак жайларды куруу, элди таза суу менен камсыз кылуу тармагында долбоорлорго колдоо көрсөтүү, калктын аялуу катмарына жардам берүү боюнча мамлекеттик долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуштады.

Кайрымдуулук уюмунун Бишкектеги филиалынын башкы директору эки тараптуу алакага Катар оң карай турганын жана мындан ары да ар кандай тармактардагы долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө даярдыгын, өзгөчө 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2017-жылдан бери Катар кайрымдуулук уюму Кыргызстанда эки миңден ашуун долбоорду ишке ашырган жана анын негизги багыттарынын бири калктын социалдык аялуу катмарына колдоо көрсөтүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: