super.kg logo

АКШдагы сурамжылоодо Харрис Трампты артта калтырды

 

21-22-июлда АКШнын басылмалары жүргүзгөн жалпы улуттук сурамжылоодо өлкө башчысы катары шайлоочулар вице-президент Камала Харристи көрө тургандыгын белгилеп, 44 пайыз добуш берген. Ал 42 пайыз добуш алган Дональд Трамптан алдыда экенин көрсөттү. Бул туурасында чет элик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдагандай, улуттук сурамжылоолор саясий талапкерлерди алдын ала колдоодо маанилүү кадамдарды билдирет, бирок жыйынтыгында жеңиш ким тарапка экендиги кайдыгерлигин көрсөткөн штаттардын жашоочуларынын добушуна көз каранды.

Сурамжылоого талапкерлердин катарын Роберт Кеннеди да толуктаган, ал 8 гана пайыз колдоо тапкан.

Кошумчалай кетсек, акыркы сурамжылоолордо катталган шайлоочулардын болжол менен 56 пайызы Харрис "көйгөйлөрдү чече алат" деген билдирүүгө макул болушкан. Добуш бергендердин 49 пайызы Трамп тууралуу да ушундай пикирде. Бул көрсөткүч боюнча Байденге шайлоочулардын 22 пайызы гана баа берген.

Ошондой эле, демократиялык шайлоочулардын төрттөн үчү партия Камала Харристин президенттикке талапкер катары көрсөтүлүшүн колдоо керек деген билдирүүгө макул болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: