super.kg logo

Жалал-Абаддагы сел: Канча үй жарыксыз калганы белгилүү болду

 
Бүгүн, 24-июлда Жалал-Абад облусунун сел жүргөн аймактарында жабыркаган 20 трансформатор калыбына келтирилип жатат.
Энергетика министрлигинен билдиргендей, селден Арсланбап, Кош-Терек айылынан болжолдуу түрдө 642 керектөөчүнүн электр энергиясы өчкөн.
Мындан улам 10 кВ Арсланбап фидер аварияга учурап, Базар-Коргон РЭТинин балансында 11, керектөөчүлөрдүн балансында 9 даана трансформатор жабыркаганы айтылат.
"Базар-Коргон РЭТинин кызматкерлери бүгүн таңкы саат 06:00дөн тартып калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө. Учурда 3 бригада, 4 даана атайын автотехникалар менен иш алып барууда.
Мамычалар жабыр тарткан эмес. Ал эми бак-дарактардын кулап түшүүсүнөн үзүлгөн аба чубалгылар калыбына келтирилүүдө", - деп жазылат анда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: