super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан уран казуунун таасирине кабылган аймактарды реабилитациялоодо Орусия менен кызматташат

 

Бүгүн, 24-июлда президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-мартында Сочи шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын уран казуу жана тоо-кен өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарын реабилитациялоодо кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду.

Маалымдалгандай, мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

“Макулдашуу Кыргызстандын аймагындагы мурдагы уран казуу жана тоо-кен өндүрүшүнүн калдыктары жайгашкан райондордо жашаган калктын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы мурдагы уран казуу жана тоо-кен өндүрүш ишканаларынын объектилеринде өзгөчө кырдаалдарын пайда болуу тобокелдиктерин азайтууну камсыз кылууда өз ара аракеттенүүнү караштырат”, - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, мыйзам 2024-жылдын 26-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: