super.kg logo

Бишкекте эл ташыган автобуста бир адам каза тапты

 

Бүгүн, 24-июлда Бишкектеги Чүй кең көчөсү менен бара жаткан №166 автобуста бир киши каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурмандар билдирди.

Күбөнүн айтымында, автобустун айдоочусу алгачкы жардам көрсөтүп, тез жардам чакырышкан. Келген дарыгерлер жаран каза болуп калганын, андыктан алып кете албай турганын, экспертиза чакырылганын айтышкан.

"Маркумдун жансыз денеси автобуста калган. Бизди (жүргүнчүлөрдү) башка коомдук транспортко салышты", - деди ал.

Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов саат 11:20лар чамасында Чүй менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде эс-учун жоготкон адам тууралуу чакыруу түшкөнүн тастыктады.

"Болжол менен 65 жаштагы европа улутундагы жаран экен. Биздин топ барганда ал каза болуп калган. Өлүмдүн себеби белгисиз. Милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: