super.kg logo

УКМК Бишкекте жол куруп жаткан ишканага кылмыш ишин козгоду

 

Бишкекте жолдорду оңдоо мөөнөтү кечиккени үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башында "Бишкекасфальтсервис" мамлекеттик ишканасы тарабынан 19 көчөнү жана тротуарларды оңдоо үчүн өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында 145 миллион сомго “Б.Г” ЖЧКсы иш жүргүзөрү аныкталган. Жумушту аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын март айына белгиленген.

"Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында бүгүнкү күндө 9 гана көчө иш жүзүндө бүткөрүлгөнү аныкталды. Компания иштин кечеңдеп жаткандыгын курулуш техникасынын жетишсиздиги, мыйзамсыз курулуштарды бузуу зарылдыгы, жашыл аянттарды кесүү жана кыюу, электр мамыларын которуу сыяктуу ар кандай жагдайлар менен түшүндүргөн. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө айтылгандар тастыкталган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары буга чейин бүткөрүлгөн көчөлөрдө ар кандай мүчүлүштүктөр аныкталып, ишканага аларды жоюу зарылдыгы көрсөтүлгөн.

Аталган ишкана бардык иштерди 20-августка чейин бүтүрүүгө кепилдик бергендиги кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: