super.kg logo
  Спорт  

Роналду же Месси? 21-кылымдын мыкты футболчусу аныкталды

 

GDC Media эксперттери футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын рейтингинин версиясын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Биринчи орунду каталондук "Барселонанын" жана ПСЖнын мурдагы чабуулчусу Лионель Месси ээледи. Анын атына сегиз "Алтын топ" сыйлыгы бар. Экинчи орунда Мессинин көптөн бери атаандашы болуп келе жаткан португалиялык Криштиану Роналду турат. 39 жаштагы чабуулчу мелдештерде "Реал Мадрид", "Манчестер Юнайтед" жана "Ювентус" клубдарында ойногону менен белгилүү.

Алдыңкы үчтүктө “Футболдун падышасы” деген лакап атка ээ болгон легендарлуу бразилиялык чабуулчу Пеле турат. Төртүнчүнү Диего Марадона, бешти Альфредо ди Стефано ээлеген.

Ошондой эле алдыңкы ондукка: Хави, Йохан Кройфф, Роналдо, Паоло Мальдини жана Франц Беккенбауэр кирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: