Бишкекте Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине жер алдындагы өтмөк куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда социалдык, турмуш-тиричилик жана тейлөө объектилери жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайлары бар жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү куруунун долбоору даярдалууда.
"Буга байланыштуу Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери 2025-жылга жылдырылды", - деп айтылат маалыматта.
Бишкекте дагы бир жер алдынан өтмөк курулат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.