Москвада унаа жардырууга шектелген жаран Түркияда кармалды
Түркиянын укук коргоо кызматкерлери Москванын түндүгүндө унаа жардырууга шектелген адамды кармашканын Түркиянын ички иштер министри Али Йерликайга таянуу менен Anadolu агенттиги билдирди.
Ал өлкөнүн батышындагы Бодрумда кармалганы белгиленген.
Эске салсак, бүгүн, 24-июлда эртең менен Москванын Синявинская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда унаа жарылып, анын кесепетинен эки адам жабыркаган.
Анда көп өтпөй унаада орус армиясынын офицери Андрей Т. аялы менен болгону такталган. Жарылуудан кийин анын буту жулунуп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.