Казакстанда 90 төө кара курттун уусунан өлдү
Казакстандын Атырау облусунда 90 төө эң уулуу деп эсептелген кара курттун уусунан өлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, соңку эки айда облустун кумдуу аймагында жалпы 486 төөнү кара курт чагып, анын 90у өлгөн. Симптоматикалык дарылоонун аркасында 306 баш төө айыгып, 89ун дарылоо иштери жүрүп жатат.
Өлгөн төө ээлерине келтирилген зыян 65 миллион теңгеден ашкандыгы айтылды.
Кара курт - жөргөмүштөрдүн эң уулуусу болуп эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.