super.kg logo

Кыргызстандык жубайлар Италияга фермерликке жумушка барса болот

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору "COLDIRETTI SARDEGNA" менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койду. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кечээ, 24-июлда кабарлады.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу жана Сардиния (Италия) аймагына фермердик чарбага үй-бүлөлүк жубайларга басым жасоо менен жумушчу ресурстарды тартуу маселелери талкууланды.

“Турак жай, мыйзамдуу туруу жана медициналык камсыздандырууну камтыган социалдык пакеттер талкууланды. Андан тышкары иш берүүчүлөр Италияга көчүп келгенден кийин итальян тилин жана маданиятты окутууга даяр экендиктерин билдирип, кыргызстандык жумуш издөөчүлөр үчүн реалдуу перспективаларды түзүштү.

Бул макулдашуу Сардиния (Италия) аймагында Кыргызстандын жарандарынын ишке орношуусунун келечектүү мүмкүнчүлүктөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт”, - деп белгиленет кабарда.

Маалыматта кызматташуу келишимине кол коюу Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин активдүү колдоосу жана элчи Таалай Базарбаевдин катышуусу менен мүмкүн болгондугу кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: