super.kg logo

O!Store дүкөнүнөн смартфон сатып алган учурда аны каттоо жөнүндө ойлонбой эле койсо болот

 

O!Store өзүнүн кардарларына кам көрөт жана шылуундарга каршы күрөшүү боюнча мамлекет тарабынан белгиленген эрежелерди сактайт.

2024-жылдын 25-июнунан тартып Кыргызстанда мобилдик телефондорду Мамлекеттик идентификациялоо системасына (МИС) милдеттүү каттоо шарты киргизилген. Бул болсо, өлкөнүн аймагында сатылган бардык телефондор импорттоочулар тарабынан каттоодон өткөрүлүүгө тийиш дегенди түшүндүрөт. Түзүлүштөрдү КРнын аймагынан тышкары жерден сатып алгандар аларды www.imei.kg сайтынан өз алдынча каттоого милдеттүү.

O!Store дүкөнүнөн смартфон сатып алгандар каттоо жөнүндө ойлонбой эле койсо болот – O!Store дүкөнүнүн текчелериндеги ар бир телефон каттоодон өткөн жана аны сатып алгандан кийин дароо колдоно алат.

Быйылкы жайда эң көп сатып алынган хиттерди сунуштайбыз:

O!Store – ишенимдүү сатып алуулар.O!Store дүкөндөр тармагы смартфондордун бренддеринин өкүлдөрү менен түз кызматташат, товарга кепилдик берет жана пайдалуу шарттар менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт: онлайн буйрутма берген учурда белек топтому, пайызсыз бөлүп төлөө, белектер, акциялар.

Сатып алардан мурун телефонду текшериңиз

Жаңы түзүлүш сатып алардан мурун смартфондун МИСте катталып-катталбаганын текшериңиз. Муну оңой эле аткарса болот – «Мой О!» тиркемесине кирип, башкы беттен «Телефондун IMEI-кодун текшерүү» баскычын басыңыз да, 15 орундуу IMEI-кодду киргизип, жыйынтыкты карап көрүңүз:

  • эгер түзүлүшүңүз катталган болсо, жашыл чымчыкча менен телефонуңуз жөнүндө маалымат чыгат.
  • эгер түзүлүштү каттоо керек экендиги аныкталса, анда аны www.imei.kg сайтынан кийинки нускамаларды аткаруу менен каттай аласыз. Каттоо кызматы үчүн да «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» электрондук капчыгы аркылуу төлөсө болот.

Маанилүү: SIM-карта салына турган эки слоту бар жана eSIM иштеген смартфондордун түрдүү IMEI-коддору бар, алардын ар бири каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Текшериш үчүн иштеген SIM-картаны кезеги менен ар бир слотко салып, чалууну аткарыңыз же интернетке кириңиз, мындайча аны активдештирген болосуз.

Толук маалымат менен www.imei.kg шилтемеси аркылуу МИС сайтынан таанышып чыгыңыз.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБМТК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: