super.kg logo

Муфтият дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасынын дизайнына сынак жарыялады

 

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы диний кызматкерлердин бирдиктүү формасынын дизайнына сынак жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, дизайнды электрондук форматта жасап чыгуу зарыл.

Сынактын талаптары:

– дин кызматкерлеринин жайкы, күзгү, жана кышкы формаларынын дизайнын электрондук үлгүдө иштеп чыгуу;

– жайкы, күзгү жана кышкы формалардын кездемелеринин аталыштары жана түстөрү;

– расмий дин кызматкери, имамдар жана диний ишмердүүлүк жүргүзгөн жарандардын сый (параддык) кийими, ибадаттык кийиминин үлгүлөрүн иштеп чыгып, комиссияга сунуштоо;

– кыргыз колоритине жана өзгөчөлүктөрүнө (мисалы: орнаменти) төп келген же жакындатылган форматта иштелип чыккан болуусу зарыл;

– форма буга чейин журт башчы тарабынан демилгеленип, тиктирилип берилген формага үндөш болсо артыкчылык каралат;

– конкурс 25-июлдан 2-августка чейин жүргүзүлүп, үлгүлөр кабыл алынат. Тандоо 5-августта саат 10:00дө Муфтияттын жыйындар залында өтөт.

Ошондой эле сынактын катышуучулары байланыш телефондорун жана электрондук даректерин калтырууга тийиш.

Белгилей кетсек, дизайндын үлгүлөрү КМДБнын алдында түзүлгөн комиссия тарабынан жактырылып тандалып алынат жана жеңүүчүгө сыйлыктар берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: