Чүйдө мурда соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды
Чүй облусунун Жайыл районунда мурун соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-июлда милицияга тургун арыз менен кайрылган. Анда ал саат 11:30 чамасында Новониколаевка айылында белгисиз жаран дүкөнүнөн Редми үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткенин айткан.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен каттоого алынган.
Шектүү катары 1991-жылы туулган О.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө анын мурда Свердлов райондук соту тарабынан пробацияга чыгарылганы аныкталган.
Ушул тапта тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.