super.kg logo

Актриса Назира Бердигулова: "Үмүт" үйүндөгү көйгөйлөрдү баары билиши керек" 

 

Муңайган, үмүттүү көздөргө курчалган үйгө белгилүү актриса Назира Бердигулова командасы менен "Үмүт" карылар үйүндө кайрымдуулук иш-чарасын уюштурду. Анда ата-апаларга түрдүү жер-жемиштер, таттуулар, ысык боорсок менен тамак берилди.

Назира Бердигулова буга чейин дал ушул "Үмүт" үйүнө дымдама берилгенин айтып, бул жолу ашпозчу менен кеңешип, шорпо берилди.

"Биз ар дайым "Үмүт" үйүнө тамак алып келердин алдында бул жактын ашпозчусу менен кеңешип, бышырып келебиз. Бул жолкусунда да кеңештик, "ата-апаларга жумшак болсун шорпо алып келгиле" деди шорпо алып келдик. Мындан сырткары биз бул жерден эле ысык, таттуу кылып боррсогун да бышырдык", - деди Бердигулова.

Мындан тышкары ал аталган үйдөгү ата-апалардын муктаждыктарын да атап өттү.

"Менин бул кайрымдуулук иш-чарасын уюштурганымдын себеби жаштар ушундай ата-апаларыбыз жашаган "Үмүт" үйү бар экенин билиши керек.

Бул жакта тамак-аштан сырткары памперске муктаж болушат. Кызматкерлердин да айлык-акысы аз. Жыл сайын бул жакка келгендердин саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу жетекчилиги жаңы имарттарды курдурууда. Бул жактагы ата-апаларыбыздын баары эле түз басышпайт, аларга майыптар үчүн араба да керектелет. Жалпылап айтканда бул жакта көйгөйлөр аябагандай эле көп", - деп кошумчалады ал.

Кененирээк төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: