Жогорку Сотто балаты майрамы өттү






Бишкекте 24-декабрь күнү Жогорку Соттун судьялары жана аппарат кызматкерлеринин балдары үчүн уюштурулган жаӊы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Жаӊы жылдык балаты жомоктогу каармандар катышуусунда болду. Балдарга жагымдуу маанай тартуулаган тентек Маша менен аюу, Шрек, жез кемпир, карышкыр жана түлкү сыяктуу каармандар катышуучулар менен чогуу майрамдык балатыны айланып ырдап, бийлешти.
Иш-чаранын соӊунда бардык бөбөктөр жаӊы жылдык таттуу белектерин алып, үйлөрүнө кайтышты.
Майрамдык иш-чараны Жогорку Соттун профсоюздук комитети уюштурду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

