Таиланд: Азия чемпиондугунда кыргыз балбандары 4 медаль жеңишти
Таиландда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча курама команда 4 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, курама команда 1 күмүш, 4 коло алышкан.
Аскат Токтоматов экинчи, ал эми Аден Сакыбаев, Байтемир Түлөбердиев, Кутман Төлөбалдыев жана Сулде Донгак үчүнчү орунду ээлешти.
Курама команда машыктыруучу Алмазбек Аскаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышканы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.