super.kg logo
  Спорт  

Париждеги Олимпиада ачылар алдында хиджаб боюнча жаңжал чыкты

 

Француз спортчусу Соункамба Силлага хиджаб кийгени үчүн Париж Олимпиадасынын ачылыш аземине катышууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

"Сиз өз өлкөңүздө өтүүчү Олимпиада оюндарына катышуу үчүн тандалып алынгансыз, бирок сиз жоолук салынгандыктан ачылыш аземине катыша албайсыз", - деп жазган спортчу социалдык тармактагы баракчасына.

Ал 4x400 метр аралыкка аялдар жана аралаш эстафеталык жарышта Олимпиада оюндарына катышат.

Франциянын Олимпиадалык комитети бул боюнча чечим кабыл алуу үчүн иштеп жатканын билдирди.

Францияда бетти толук жабууга мыйзамдуу түрдө тыюу салынган (2011-жылдын апрелинен бери). Буга чейин 2004-жылдан бери диний символдорго тыюу салынган мамлекеттик билим берүү мекемелеринде никаб жана хиджаб кийүүгө тыюу салынган.

Ошондой эле спортчуларга мелдеш учурунда хиджаб кийүүгө тыюу салынган. Бирок Олимпиада шаарчасынын аймагында аны кийүүгө уруксат берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: