super.kg logo
  Саясат  

Беш адамга "Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" деген наам ыйгарылды

 

Беш адамга "Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" деген наам ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президен Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө негиз болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзгөн инсандар Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевди "журт атасы" деп атоого токтом кылынган. Мындай чечим автономиялуу облустун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата кабыл алынган.

"Ушул адамдар кыргыз эли өзүнүн тили, маданияты жана тарыхы менен өз мамлекетин Борбордук Азиянын башка элдери менен бирдей түзүүгө толук укуктуу экендигин ынанымдуу жана жүйөлүү далилдер менен далилдешип, ХХ кылымдагы жаңы мамлекеттүүлүктүн башатында болушту. Бирок бул наам өлкөбүздүн башка көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин мекен алдындагы эмгегин эч кемите албайт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле билдирүүдө байыркы мезгилден бери адамзаттын тарыхында мамлекеттин түптөөчүлөрүн "аталар" деп атоо салты бар экени белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: