super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Кыргызстандык үч спортчунун алгачкы атаандаштары белгилүү болду

 
Париж Олимпиадасында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун атаандаштары белгилүү болду.
Кечээ, 25-июлда Парижде чүчүкулак тартылып, анын жыйынтыгы менен Шеровдун биринчи атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва болду. Шеров таймашты 1/16 финалдан баштайт. Ал 31-июлда килемге чыгат.
Анын атаандашы Силва 2018-жылы Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге уткан. 2019-жылы Пан-Америка оюндарынын жеңүүчүсү, 2015-жылы күмүш байгеге татыган. Пан-Американын 4 жолку чемпиону.
Дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу 1/16 финалдагы алгачкы кармашында украиналык Богдан Ядов менен күч сынашат. Ал беттешке 28-июлда чыгат.
Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу биринчи беттешин 57 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде 1\8 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иван болду. Ал 2023-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалисти.
Мунарбек Сейитбек уулу 28-июль күнү беттешке чыгат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: