super.kg logo

Кыргыз прокуратурасы жоготууга учурады

 
53 жаш курагында Чүй облусунун прокуратурасынын тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнун улук прокурору Исмаилов Бакытбек Мурзапаязович дүйнөдөн мезгилсиз өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Ал кечээ, 25-июлда каза болгон.
Бакытбек Исмаилов 1971-жылдын 7-ноябрында Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган.
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, 1997-жылы Кыргыз прокуратурасына кабыл алынып, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасынын стажер кызматына дайындалып, эмгек жолун баштаган.
-1997-1999-жылдары - Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурорунун жардамчысы;
-1999-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында ар кандай кызматтарды ээлеп келген;
-2006-2008-жылдары Балыкчы шаарынын прокурорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору;
-2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын прокуратурасынын кылмыштардын тергөөсүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү, андан кийин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору;
2010-2011-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун прокурорунун милдетин аткаруучусу, прокурору;
-2010-2011-жылдары Нарын облусунун Нарын районунун прокурорунун орун басары;
2023-жылдын декабрь айынан баштап Чүй облусунун прокуратурасынын тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору кызматында эмгектенип келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: