super.kg logo

Казакстанда имам мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалды

 
Кечээ, 25-июлда Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мас абалында унаа айдап кармалган Костанай облусунун баш имамы Бахытбек Тажимбетти кызматынан бошотту. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 23-июль күнү Бурабай айылында Бахытбек Тажимбет мас абалында унаа башкарып, жол эрежесин бузган. Сот имамды 15 суткага камакка алып, 7 жылга унаа айдоо укугунан ажыратканы айтылат.

"Мыйзамды жана диний кызматкерлердин этикасын одоно бузган адамдардын диний чөйрөдө иштөөгө моралдык укугу жок. Адепсиз жүрүм-туруму үчүн Бахытбек Тажимбет кызматынан бошотулду. Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул окуяны чоң өкүнүч менен кабыл алып, коомчулуктан кечирим сурайт", - деп жазылат анда.

Сотто имам айыпты моюнуна албай, кымыз гана ичкенин айткан. Бирок экспертизанын жыйынтыгында анын алкоголдук ичимдик колдонгону аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: