super.kg logo

"Бат-бат суу ичип туруңуз". Күн соккусунан кантип сактануу керек? 

 
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, күн соккусу күндүн нуруна көпкө тургандан жана башка күн нурунун түздөн-түз тийүүсүнөн улам пайда болот.
Дарыгерлер жылуулук жана күн соккусунун белгилерин үч даражага бөлүшөт. Үчүнчү даражада адам жөөлүп, көзүнө ар нерсе көрүнүп, талып же эсин жоготушу ыктымал. Мындай абалдагы бейтап өлүмгө дуушар болушу мүмкүн экени айтылат.
Министрлик күн соккусунан сактануу эрежелери менен бөлүштү.
Күн соккусунан сактануу эрежелери:
– Табигый кездемеден жасалган жеңил кийимдерди кийүү - тердин чыгышына жолтоо болбой турган зыгыр буласынан, кебезден, жибектен;
– Ачык түстөгү баш кийимсиз сейилдөөгө болбойт;
– Бетиңизди жана башыңызды муздак суу менен чайкап, кол чатыр менен коргонсоңуз болот;
Бат-бат таза суу ичип туруңуз, ар кандай спирт ичимдиктеринен баш тартыңыз;
– Күнгө чыккан убактыңызды кыскартууга аракет кылыңыз. Бул убакта (саат 11:00дөн 16:00гө чейин) сыртка чыгуу зарыл болсо, көлөкөдө болууга аракет кылыңыз;
– Мүмкүн болсо коомдук транспортко түшпөгөнгө аракет кылыңыз. Эгер бул мүмкүн эмес болсо, анда жүргүнчүлөр аз болгон транспортту тандаңыз. Унаада жүргөндө денеңиздин ачык жерлерин нымдуу кол аарчы менен сүртүп, суу ичип туруңуз.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: