super.kg logo

Трамп Зеленскийге Орусия Гитлер менен Наполеонду жеңгенин айтты

 

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө ага Орусия менен согушту токтотуу зарылдыгын айтып, өткөн ири аскердик кагылышууларда Москва дайыма жеңип келгенин эске салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Президент Зеленский мага телефон чалды. Анан экөөбүз жакшы сүйлөштүк. Мен бул согушту токтотуу керек дедим. Сиздин алдыңызда аскердик машина турат. Алар Гитлерди талкалап, Наполеонду жеңишкен”, - деди Трамп Fox News телеканалына берген маегинде.

Трамптын айтымында, азыркы президент Жо Байден бул согуштун башталышына жол бербеши керек болчу.

"Мунун болуу ыктымалдыгы нөлгө барабар болчу жана менин убагымда андай болгон жок", - деди Трамп.

Трамп менен Зеленскийдин телефон чалуусу 19-июлда болгон жана Трамп 2021-жылы кызматтан кеткенден бери биринчи ирет сүйлөшүшкөн. Зеленский адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка алып келе турган кадамдарды талкуулоо үчүн жеке жолугушууну макулдашканын айтты.

АКШнын мурдагы президенти "дүйнөгө тынчтык" алып келерин жана жаңжалдашкан эки тарап тең "зордук-зомбулукту токтотуп, гүлдөп-өнүгүүгө алып баруучу келишим боюнча макулдаша аларын" кайталады. Трамп буга чейин Украинадагы согушту тез арада токтото аларын жана бул үчүн 24 саат керек экенин бир нече жолу айткан.

Буга чейин Трамптын негизги кеңешчилери ага жаңжалды жөнгө салуу планын сунушташкан. Ал планга ылайык, Украина тынчтык сүйлөшүүлөрү башталганда гана көбүрөөк курал алат, ал эми Орусия диалогдон баш тартса, Киевге колдоо көбөйүү коркунучуна туш болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: