super.kg logo

УКМК Кара-Суу районунун акими эмне себептен кармалганын айтты

 

Бүгүн, 26-июлда УКМК Кара-Суу районунун акиминин кармалганы боюнча билдирүү таратты. Маалымдалгандай, ал ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алган деген шек менен кармалды.

Ага ылайык, Ынтымак айыл аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында участокторду бөлүштүрүү учурундагы мыйзамсыз иш-аракеттерге Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин катыштыгы бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

"Бул факты боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган аким Т.А. коргоп жана жардам көрсөткөндүгү үчүн айыл өкмөт башчыларынын биринен өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алгандыгы аныкталды.

Ал УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгына суракка чакырылып, жыйынтыгында кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ош шаардык соту тарабынан эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин кармалганы, ал 16-сентябрга чейин эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: