super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Париждеги саммитке катышты (сүрөт)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Франциянын Париж шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы саммитке катышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, эл аралык олимпиада комитети жана Франция президентинин канцеляриясы тарабынан уюштурулган иш-чарага 500гө жакын катышуучу катышты. Алардын катарында мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын лидерлери, спортчулар жана спорттук кыймылдын, ошондой эле финансылык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү бар.

"Бул иш-чара Париж-2024 уюштуруу комитетинин климаттык стратегиясына ылайык, ошондой эле келечек муундар алдындагы кеңири милдеттенменин алкагында өлкөлөргө жана спортко кызыкдар тараптарга БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө болгон чечкиндүүлүгүн ырастоого мүмкүндүк берет.

Саммит спорттун туруктуу өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы деген ишенимдин негизинде күч-аракеттерди мобилизациялоону максат кылат жана мураска, таасирге жана туруктуулукка басым жасоо менен спорттук иш-чаралардын жаңы жолун орнотууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: