super.kg logo

"Ыйлап, калчылдап..." Камчы Көлбаевдин апасынын соту үйүндө өттү (видео)

 

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын соттук иши өзү жашаган батирде өттү. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев видео кайрылуусунда айтты.

Анын айтымында, Мая Алиеванын учурда абалы оор болуп, үйүндө жатат. Ал сотко бара албагандыктан, Октябрь райондук сотунун судьясы Мая Алиеванын батирине барып, көчмө соттук отурум өткөргөн.

"Судья Бегалиев эч нерсени карабай туруп, Мая Алиеванын үйүнө барып, ошол жерден соттук отурумду өткөрдү. Араң турган оорукчан адамды чоң стресске түшүрүштү. Ал колу калтырап, ыйлап, мындайча айтканда сот процесси эптеп-септеп эле өттү. Бул адамгерчиликке жатпайт да.

Сот иши мыйзам талабы менен өтүшү керек. Ошондуктан, урматтуу Садыр Нургожоевич, биздин укукту сактап беришиңизди суранабыз", - деди ал.

Жактоочунун айтымында, айыптоо корутундусунда 2008-жылдан 2022-жылга чейин легалдаштыруу мөөнөтү көрсөтүлгөн, ал эми тизмеде алар 1998-жылы сатып алган мүлктөр дагы бар экенин кошумчалаган.

Мая Алиевага "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча айып тагылууда.






Мая Алиеванын соту өзү жашаган батирде өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: