super.kg logo

Жапонияда эс алуу туристтер үчүн кымбатташы мүмкүн

 

Жапонияда туристтердин көп агымынан улам чет элдиктер үчүн баалар көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Bangkok Post'тун маалыматы боюнча, меймандостук индустриясынын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар үчүн жана өлкөгө келген коноктор үчүн "кош бааларды" киргизүүнү талкуулашууда.

Визалык эрежелердин либералдашуусу жана иендин арзандашы туристтердин санынын кескин көбөйүшүнө себеп болду. Ишкерлер жергиликтүү кардарларды жоготпоо үчүн кошумча кызматкерлерди жалдоого аргасыз болууда. Чыгымдардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу мекемелер чет элдиктерден жогорураак төлөмдөрдү алууну пландаштырууда.

Ага байланыштуу ишканалар жана уюмдар эки эселенген баа системасы туристтерди "тазалоо" үчүн эмес, эмгек чыгымдарын жабуу үчүн керектигин билдиришти.

Жергиликтүү жапондордун көпчүлүгү туристтерди кабыл алгысы келбейт. Анткени чет элдиктер жергиликтүү маданиятты сыйлабайт. Мисалы, алар гейшалардын өтүшүнө жолтоо болуп, сүрөткө тартып алышат.

Белгилей кетсек, жакында туристтерге Киото шаарынын айрым көчөлөрүнө кирүүгө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: