"Олимпиада -2024": Кыргызстандын атынан биринчи болуп Денис Петрашов чыгат
Бүгүн, 27-июлда Париждеги Олимп оюндарында 14 медаль топтому ойнотулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан сууда сүзүү боюнча биринчи Денис Петрашов чыгат. Ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзөт.
Белгилей кетсек, кечээ, 26-июлда Президент Садыр Жапаров Франциянын Париж шаарында XXXIII Жайкы Олим оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты.
Мындан тышкары, Сена дарыясын бойлой кайыктар менен сүзүүчү спортчулардын дээрлик алты чакырымдык парадына 206 өлкөдөн 10 жарым миңдей спортчу катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.