Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды
УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу, 27-июлда УКМКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашыруун теракт уюштурууга даярданган деп шектелген Н.Р. аттуу Кыргыз жараны, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалып, тергөө абагына киргизилди.
"Ал Telegram мессенжериндеги жашыруун аккаунттар аркылуу жасаган бардык аракеттери террористтик уюмдардын биринин эмиссарлары тарабынан координацияланганы аныкталды. Бул кылмышты ишке ашырууга аракет кылганга чейин Н.Р. Эл аралык террордук уюмдун жетекчисине ант берген", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК террористтик топтун башка катышуучуларына карата тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.