super.kg logo
  Спорт  

"Олимпиада-2024". Садыр Жапаров кыргыз спортчуларына ийгилик каалады

 

33-Жайкы олимпиадада кыргыз спортчуларын ийгилик жылоолоп, Ата Мекенине албан жеңиштер менен кайтсын. Мындай тилегин президент Садыр Жапаров Парижде олимп оюндарына катышып жаткан спортчуларга ийгилик каалап айтты.

Ал эл аралык Жайкы Олимп оюндары дегенде баарыбыздын эсибизге эң алды оор атлетчи Каныбек Осмоналиев, жөө күлүктөрүбүз Сатымкул Жуманазаров, Мария Кулчуновалар эске түшөрүн билдирди.

"Өз мезгилинде СССРдин туусу менен чыгышса да, Кыргызстандын аты даңкталып, кыргыз спорту дал ушул спортчулардан башат алып, канчалаган муундарга азыр да өрнөк болуп, жалпы кыргызстандыктар спорт жаатында дал ушул инсандар менен сыймыктанып келебиз.

Эгемендикке ээ болгон жылдары өлкө өз алдынча болгону менен телчигүү жолунда бир топ кыйынчылыктарга кез келип, спорт тармагына тиешелүү деңгээлде көңүл бура албаганыбыз белгилүү. Ошентсе да Испанияда өткөн олимпиадада Талант Дүйшөбаев агабыздын алтын медалы кыргызды Кудай колдоп, Кызыр даарып, жогоруда аты аталган спортчулардын жолун улагандыгынын кашкайган белгиси десек болот.

Андан кийинки олимпиада оюндарында бирде жеңилип, бирде жеңип олтуруп, Пекинде өткөн олимпиадада Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев балбан инилерибиз чымыркана күрөшүп, күмүш, коло медалдарды багындырышып, кыргыз спортунун жылдызы кайрадан жанган эле.

“Бак бир келет, бакпасаң кетет” деген чын. Андан кийинки олимпиада оюндарына катышуу укугун алуу кыйынчылыкка турду, бизге ийгилик жылмайбады.

Урматтуу мекендештер! Ошентсе да, Кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк, ата-бабаларыбыздын, Айкөл Манас баатырдын беттегенин бербеген көктүгү урпактарга кан менен өтөт көрүнөт, намыска жарап, кыргыздын туусун бийик желбиреткен спортчуларыбыздын саны барган сайын арбып барат.

Кыргыз спортуна оомат эми келди.

Ушул келген бактыбызды бапестеп багып алышыбыз керек! Түндүгүнөн күн нурлары чачыраган кызыл туубузду желбиретип аттанган 16 спортчубузду Жараткан жалгай көр.

Жети миллион элибиздин үмүт-тилегин бере көр. Алла Таала эгемен Кыргызстандын атынан катышып жаткан эр-азаматтарыбыз менен намыска бекем кыздарыбызга күч-кубат берип, Ата Мекенибиздин намысына жарата көр.

Спортчуларыбыздын башына бак конуп, ийгилик жылоолосун.

Спортчуларыбыздын дүбүртү дүңгүрөп, таш жарып, жеңишке жетишсин.

Кыргызстаныбыздын ооматы артсын!

Алга Кыргыз спортчулары!", - деди Жапаров өз билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: