super.kg logo

Борбор калаанын айрым аймактарында бир нече күн газ болбойт

 

Бишкектин айрым аймактарында бир нече күн газ болбойт. Бул туурасында "Бишкекгаздын" маалыматында айтылат.

Анда айтылгандай, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

  • 29-31-июль күндөрү - КЧК, Аламүдүн дарыясы, Элебесов көчөсү, Коллективная көчөсү, Киргизия көчөсү, Бельский көчөсү, айланма жол, Красный строитель конушу, Төмөнкү Ала-Арча аайылы, Керамический конушу, Ак-Тилек конушу, Ак-Тилек 2 конушу, "Сантех Заготовок" заводу, Шаардык кургак учукка каршы ооруканасы;
  • 29-31-июль күндөрү - Буденный көчөсү, Шабдан Баатыр көчөсү, Курманжан Датка көчөсү, Салиева көчөсү;
  • 30-июлдан 1-августка чейин - Фрунзе көчөсү, Достоевский көчөсү, Шабдан Баатыр көчөсү, Лермонтов көчөсү.

"Бишкекгаз" абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: