super.kg logo

Таиландда аз камсыз болгон тургундарга 275 доллардан бөлүнөт

 

Таиланд өкмөтү 50 миллион аз камсыз болгон тургундарга 10 миң бат (275 доллар) бөлүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта Таиланд накталай акча бөлүштүрүү программасы менен эксперимент жүргүзгөн акыркы өлкө болуп калдыгы жазылат. Ошондой эле бул анын экономикасын пандемиядан улам келип чыккан рецессиядан калыбына келтирүүгө жардам берери жазылган.

"Премьер-министр Сетта Тхависиндин айтымында, Digital Wallet деп аталган программа жылына 840 миң баттан же 23 миң доллардан аз киреше тапкандарга 10 миң бат же болжол менен 275 доллар төлөм сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

Сөз калктын болжол менен үчтөн экиси жөнүндө болуп жаткандыгы түшүндүрүлөт. Премьер-министрдин айтымында, 50 миллионго жакын адам катышууга укуктуу.

Накталай акча бөлүштүрүү премьер-министрдин былтыр кызматка киришкенге чейинки шайлоо өнөктүгүндөгү негизги убадасы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: