super.kg logo

Кемин районунда чиркөөнүн терезесин сындырган  адам аныкталды

 

Чүй облусунун Кемин районунда чиркөөнүн терезелерин сындырып, качып кеткен жаран кармалды. Бул туурасында кечээ, 27-июлда Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 24-июль күнү райондук милиция бөлүмүнө Кемин шаарынын тургундары арыз менен кайрылган. Анда Панфилов көчөсүндө жайгашкан чиркөөнүн терезелерин сындырган жаран тууралуу маалымдалган. Кошумча дагы 3 арыз келип түшкөн.

Бул факт боюнча кылымыш иши козголуп, 1977-жылы туулган И.Р. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Айта кетсек, аталган райондогу чиркөөлөрдүн, жергиликтүүлөрдүн үйлөрүнүн терезелерин таш менен сындырып жаткандар туурасында тургундардын маселеси айрым ММКларда жарыяланып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жеринен кабар алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: