super.kg logo
  Саясат  

Үч тилде жазган кыргызстандык акын, жазуучу Орусиянын “2013-жылдын акыны” улуттук наамына талапкер болду

 

Кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жазган кыргызстандык 53 жаштагы акын Рахим Карим (Рахимжан Каримов) Орусиянын “2013-жылдын акыны” улуттук наамына талапкер болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда  “Кыргызстандын жаңы адабияты” электрондук китепканасынын башкы редактору Олег Бондаренко билдирди.

Маалыматка ылайык, бул абройлуу адабият сыйлыгынын комиссиясы Рахим Каримге “2013-жылдын акыны” наамына талапкер болгондугу жөнүндө кат жөнөтүшкөн. Муну менен ал өз чыгармаларын альманахка басып чыгарганга укук алган.

Каримов Рахимжан Закирович  – акын, жазуучу, котормочу, КРнын жазуучулар улуттук биримдигинин мүчөсү, Молдо Нияз атындагы республикалык адабият сыйлыгынын лауреаты. Ал «Зоопарк», «Камила», «Бадахшан бермети» сыяктуу бир нече китептердин автору.

Белгилей кетсек, сыйлоо аземи 2014-жылы 21-мартта Москвада адабиятчылардын борбордук үйүндө өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: