ЖОЖдорго кабыл алуунун 3-туру башталды

Ага ылайык, арыздарды кабыл алуу 31-июль күнү саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.
"ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контрактык негизде окууга – 28 миң 36 талон түштү. II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитурент кабыл алынды", - деп жазылат анда.
Ушул тапта эң көп абитуриент кабыл алынган ЖОЖдор:
1. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 3552;
2. Ош мамлекеттик университети – 2951;
3. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 2565;
4. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 1502;
5. Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети – 1470;
6. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 1380;
7. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 836.
2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.