super.kg logo

Улуттук банк "Ат чабыш" күмүш коллекциялык тыйынын чыгарат

 

Улуттук банк 1-августтан тарта "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" сериясындагы "Ат чабыш" күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу маалымат аталган банктын сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, тыйындар 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат. Анын баасы 5580 сомду түзөт.

"Тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Алдыңкы бетинин жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана тыйындын "Ат чабыш / At Chabysh" деген аталышы, ошондой эле номиналы (10 сом) түшүрүлгөн.

Тыйындын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү берилген. Ортосунда Кыргызстандын герби, жогору жана төмөн жагында "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games" деген жазуу түшүрүлгөн. Тыйындын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген", - деп жазылат маалыматта.

"Ат чабыш" коллекциялык тыйыны Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ экендиги белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: