Иран өлкөнүн жаңы президентин расмий бекитти
Ирандын лидери аятолла Али Хаменеи жекшемби күнү Масуд Пезешкианды өлкөнүн президент катары расмий түрдө бекиткенин чет элдик басылмалар жазышты.
Эми ал 30-июлда өлкө парламентинде ант бергенден кийин кызматка киришет.
Ирандагы президенттик шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи айлампасында реформатор Масуд Пезешкиан консерватор Саид Жалилини жеңип чыккан.
Эске салсак, кезексиз президенттик шайлоо Ирандын президенти Ибрагим Раиси май айында тик учак кырсыгынан каза болгондон кийин өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.