super.kg logo

Өлкөдө көз жумгандан кийин жана ыктыярдуу донор болууга уруксат берүү маселеси каралып жатат

 
Өлкөдө көз жумгандан кийин жана ыктыярдуу донор болууга уруксат берүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Министрдин айтымында, учурда орган алмаштыруу керек болгондо мыйзамга ылайык туугандар гана донор боло алат.

"Гемодиализ алган 2600 бейтап бар. 18 миң 500 киши гепатит, боордун циррозу менен жабыркайт. Бизде эң чоң көйгөй - донор табуу. Азыр Жогорку Кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, ыктыярдуу жана каза болгондон кийинки донорлукту көбөйтөлү деп жатабыз. Башка өлкөлөрдө бул ыкма өнүккөн. Биз да ошону киргизсек, муктаждык маселеси чечилет.

Мага "тууганчылыгым жок, бирок досум, кошунам донор болууга даяр, уруксат бериңиздер" деп келгендер көп болуп жатат", - деди Бейшеналиев.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев 150 адам бөйрөк, 15 бейтап боор алмаштыруу үчүн кезекте турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: