Кыргызстандык ырчы Орусиядагы "Ну-ка, все вместе!" сынагына катышууда (видео)
Кыргызстандык ырчы Миңжашар Мурзаев Орусиядагы "Ну-ка, все вместе!" сынагына катышууда.
Екатеринбург шаарында тартылып жаткан бул сынакта Мурзаев калыстар тобунун 10 мүчөсүнүн тең добушун алып, кийинки баскычка жолдомо алды.
Ал ырды аткарып бүткөн соң буга чейин аталган сынакка катышкан Бек Исраилов анын досу, ал эми Азат Раимбердиев агасы (бир тууган эмес) экенин айтты.
Буга чейин аталган сынакка кыргызстандык ырчылар Бек Исраилов менен Азат Раимбердиев катышып, Раимбердиев 2-орунду ээлеген.
Видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.