super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Япониялык дзюдочу утулганына ыйласа, көп өтпөй сүйүнүчтөн көзүнө жаш алды

 

Буга чейин япониялык атактуу дзюдочу Ута Абэ Париж Олимпиадасында күтүүсүздөн жеңилип, машыктыруучусун кучактап ыйлаган видеосу тараган.

Анда Абэ утулганына алгач ишенбегендей түр көрсөтүп, качан гана калыс жеңүүчүнү көрсөткөндө ыйлаган. Аны сооротуу үчүн машыктыруучусу колунан келген аракетин жасаган.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Ута Абэнин көз жашы апасынын өлүмүнө байланыштуу деген маалымат тараган. Бирок бул маалымат тастыктала элек.

Ута Абэ бул жеңилүүгө чейин 2019-жылдан бери жеңилүү эмне экенин биле элек болчу. Акыркы жолу ал 2019-жылдын ноябрь айында франциялык Амандин Бушарга утулуп калган.

Анын бир тууган агасы 66 Хифуми Абе ошол эле күнү Олимпиада оюндарынын чемпиону болду. Байкесинин финалын залда отуруп көргөн Ута Абэ агасы финалды жеңгенден кийин сүйүнүчтөн көзүнө жаш алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: