Кадамжайда айдоочу менен жүргүнчү милиционерди сабап салышты
Баткен облусунун Кадамжай районунда милиционер сабалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 26-июлда саат 6:00дө Кадамжай районунда болгон. Жаш балдар менен иштөө боюнча аймактык тескөөчү унааны токтото келгенде аны айдоочу менен жанындагы жүргүнчү экөө сабап салышкан.
"Аларды текшергенде спирт ичимдигин ичишкендиги аныкталган. Унаа айып короосуна токтотулду", - деп билдиришти милициядан.
Аталган факты Кадамжай РИИБинин электрондук журналына катталып, ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.