super.kg logo

Орусияда поезд жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, 8 вагон рельстен чыгып кетти (видео)

 

Бүгүн, 29-июлда Орусиянын Казань шаарынан Адлерге багыт алган жүргүнчү поезди рельстен чыгып, 300дөн ашуун куткаруучу, 100 техника жана эки тик учак жардамга барды. Бул туурасында орус басылмалары ӨКМ кызматына көрсөтмө берүү аркылуу жазышууда.

Маалымдалгандай, поезд жүк ташуучу унаа менен кагышып, натыйжада рельстен 8 вагон чыгып кеткен.

“Жүк ташуучу унаанын айдоочусу ооруканага жаткырылды. Жабыркаган жүргүнчүлөр тууралуу маалымат такталууда. Учурда "Тез жардам" кызматынын дарыгерлер тобу жеринде көмөк беришүүдө”, - деп кошумчаланган билдирүүдө.

Айта кетсек, буга чейин, 26-июнда Москва убактысы боюнча саат 18:12 чамасында Түндүк темир жолунун Инта-1 – Угольный участогунда №511 Воркута – Новороссийск жүргүнчү поездинин тогуз вагону рельстен чыгып кетип, 70ке жакын жүргүнчүлөр жабыркаганы айтылган.






Орусияда поезддин 8 вагону рельстен чыгып кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: