super.kg logo

Чыңгыз Алканов Ысык-Көлгө караганда Ла-Манш кысыгын сүзүп өтүү жеңил экенин айтты

 

Ысык-Көлгө караганда Франция менен Англияны бөлүп турган Ла-Манш кысыгын сүзүп өтүү жеңил. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда өлкөнүн Триатлон боюнча федерациясынын президенти Чыңгыз Алканов маалымат жыйынында билдирди.

Ал аталган кысык фаунага бай болгондуктан кызыгуу жаратарын кошумчалады.

"Биринчиден, Ла-Манш деңиз деңгээли менен бир болгондуктан кычкылтектин жетиштүүүлүгү жакшы. Бул өз кезегинде сүзүүдө жеңилдик жаратат. Экинчиден, Ысык-Көлдүн температурасы муздагыраак келет. Мындан тышкары Ла-Манш кысыгы суу жандыктарына бай болгондуктан кызыгуу жаратат. Мисалы, мен сүзүп бара жатканда жакын жерде эле деңиз мышыгы дагы сүзүп жүрдү", - деди ал.

Ошондой эле Алканов кыйынчылыктары дагы бар экенин белгиледи.

"Ла-Манштагы суунун агымы Ысык-Көлдүкүнөн күчтүрөөк болот. Ар түрдүү суу жандыктарынын көптүгү дагы тынчсызданууну жаратат. Буга психологиялык жактан даяр болуш керек", - дейт триатлончу.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Чыңгыз Алканов дүйнөдөгү эң экстремалдуу делген Enduroman Arch to Arch аталышындагы жолду басып өткөн. Анда триатлончу Лондондун Мрамор аркасынан Франциянын Триумф аркасына чейинки 300 чакырым жолду чуркап, сууда сүзүп, велосипед тебүү аркылуу басып өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: