Париж-2024: Денис Петрашов жарышка түшкөн аралыкта алтын Италияга кетти
Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында 100 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүү боюнча финалдык беттештер жыйынтыкталды.
Финалда эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 8 суучул жарышка түштү. Анда алтын медалды италиялык Нико Мартиненги жеңди. Ал 100 метр аралыкты 59.03 секундда сүзүп өттү.
Күмүш медаль эки өлкөгө кетти. Тагыраагы, англиялык Адам Пити менен АКШлык Ник Финк экинчи болушту. Эки спортчу тең 100 метрди 59.05 секундда сүзүп өттү.
Ал эми коло медалды германиялык суучул Мелвин Имуду (59.11) жеңип алды.
Белгилей кетсек, дал ушул аралыкта кыргызстандык суучул Денис Петрашов дагы жарышка түшкөн. Ал 100 метрди 1 мүнөт 42 миллисекундда келип, 35 спортчунун ичинен 23-орунду ээлеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.