Токон Мамытов чек арадагы маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн эртең Ташкентке барат
Бүгүн, 25-декабрда вице-премьер-министр Токон Мамытов “Баткен облусундагы социалдык-экономикалык кырдаал көңүл бурууну талап кылат” деп билдирди.
Анын айтымында, биздин өлкөгө жана башка кошуна мамлекеттерге тиешелүү чек ара маселелери жабык түрдө каралат. “Жабык эшик артында биз Тажикстан менен Өзбекстан чектешкен райондордогу маселелерди талкуулайбыз. Эртең бул багыттагы маселелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ташкентке барам”,- деди ал.
Эске салсак, бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусун реформалоо боюнча комиссиянын маалыматы жабык эшик артында каралды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
2

